Кыргыз тилинин латын алфавити | Qyrğyz tilinin latyn alfaviti
Тынчтыкбек Чоротегин агай тарабынан салымын көргөн жана Сулайман Кайыпов агай менен бирге макулдугун алган Кыргыз Латын арибинин жаңы варианты.
Негиз катары, 1930-жылдарда Кыргыз Советтик республикасында колдонууда болгон латын алфавити жана бирдей убагында иштелип чыгып, кыргыз ариби менен орток мүнөздүү Түрк Жумуриятынын ариби алынды.
Азыркы латын ариптеринде сейрек кездешкен эки тамга бүгүнкү күнгө йлайыкталып түзөтүлгөн: "Ƣ[ғ], Ь[ы]" >> "Ğ, Y".
Жана, калган кошумча тамгалардын алгачкы негизги кебетеси-калыбы сакталары менен алардын диакритикалык белгилери иретке салынды: "Ꞑ[ң], Ө[ө], Y[ү]" >> "Ñ, Ö, Ü".
Алфавиттин жалпы тамга саны - отуз (30). Жана эне курамынын тышкарысында, атайын илимий чыгармаларында колдонууга пайдалуу үч(3) диалекттик тамга: Ää - ә/æ/, Žž - жумшак җ/ʒ/, Ww - в'/w/.
Варианттын өзгөчөлүктөрү:
• "Бир тыбыш - бир тамга" эрежеси алкагында, жалпы латын арибинин эне курамына кирдебен кошумча тамгалардын саны - алты(6): Ç[ч], Ğ[ғ], Ñ[ң], Ö[ө], Ş[ш], Ü[ү].
• Психологиялык жана илимий жагынан маанилүү болгон Тарыхый Улантуучулук Принсиби сакталып турат: "Жаңы алфавитти түзүп аны жоктон кабыл алдык. Латын алфавитине өттүк." эмес, "Латын алфавитине кайттык. Мурунку доордо ардактуу Тыныстанов тарабынан түзүлүп, ансыз да колдонууда болгон латын арибибизди бүгүнкү күнгө ылайыктап тарыхый учугун үзбөй колдонуун улантып жатабыз (кирил жана арап ариптери менен үчөө бирге: үчилтик алфавит стратегиясы алкагында)" деп кийинки муундарга түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болууда.
• Бүгүн бир топ түрк тилдүү өлкөлөр тарабынан колдонулган Орток түрк алфавитинин курамы менен 95% (эки тамга айырмаланат) бирдей болуп, түрк дүйнөсү менен бир ортоктоштук белгиленүүдө.
Кошумча түшүндүрмөлөр:
1. Y [Ы] тамгасы:
а) 1930-жылдаркы Ь[ы] белгиси, латын тамгасы катары бүгүн башка эч жерде колдонулбай ыңгайлуугун жоготкон.
б) Кыргыз тилинде "Ы" тыбышы "А"дан кийин эң көп колдонулган үндүү тыбыш болгондуктан, кошумча белгилерден эмес, латын алфавитинин эне курамындагы бир тамга (буквы базового латинского алфавита) тандоо керек. Булардан эң жакыны жана таанымалы - "Y" тамгасы.
Европалык чех, поляк алфавиттерде бар. Англис жазууда дагы "Ы"ны "Y" белгилейт: Kyrgyz (кыргыз), Grozny (Грозный), Navalny (Навальный), Kyzyl (Кызыл), Tyva (Тыва).
Түркиялык "I[ы]" жана башка кошумча жасалган тамгалар (Î, Ï, Į, Ī, Í) - сейрек таанылган белгилер. Изилдөө чыгармаларда, энциклопедияларда тыбыш көрсөткүчү катары колдонулат.
Түркиялык I[ы] жана İ[и] тамгаларына келелик:
• [ы]'нын кичи тамгасы - ı, чекитсиз. Көйгөй жок, кошумча бир тамча, болот.
Бирок, чоң [ы] тамга I - чекитсиз. Бул жерде англис I[и] менен чаташуу бар. Себеби техникалык жагынан ал англис I[и]'ге айланып кетиптир. Бир тамганын "эки маани" талашуусу бар.
Кирил-латын транслитераторго кирип түрк тергичи менен жазып көрсөңүз болот (translit. net сайты):
Ibragim, İbragim, ibragim, IBRAGIM, İBRAGİM > Ибрагим, İбрагим, ибрагим, ИБРАГИМ, İБРАГİМ
• [и] тыбыштын кичинеси - i. Көйгөй жок. Бирок чоң İ[и] тамгасы чекити менен жазылат. Бул кошумча тамга демек. Ошентип, латын эне курамындан тышкары кошумча тамгалардын саны 8'ге чыгат: Ç,Ğ,Ñ,Ö,Ü,Ş,İ,I.
• [ы] үчүн "Y" кабыл алсак. Бир гана стандарт латын "Ii" колдонгон болобуз. Кошумча тамгалардын саны 6'га түшөт: Ç,Ğ,Ñ,Ö,Ü,Ş. Болбосо: Ç,Ğ,Ñ,Ö,Ü,Ş,İ,I.
• Öö, Üü, Şş ж.б. - кошумча белги болсо дагы, аларда тактык бар: экөө тең, чоңусу да кичинеси да, же диакритикалуу же диакритикасыз жазылат (Öö, Üü, Şş - Oo, Uu, Ss ж.б.).
Мисал, Öö: эл аралык жазышууларда тамгалардын экөөсү тең - же О же Ө. Түрк [ы]'дай "чоңусу - О, кичинеси - ө" же тескериси деген чаташуу жок.
2. J [Й] тамгасы:
Ошентип, 1-пунктта жазылгандай, "Ы" тыбышына "Y" тандалса, "Й" үчүн "J" алсак болот.
а) 1930-жылдары кыргыз латын арибинде "J" тамгасы "Й" тыбышы катары колдонулган.
б) "J[й]" тыбышты белгилеген үч таанымал вариант бар: Y, J, Ý(түркмөн алфавити). Калган белгилери ар кандай жадыбалдарда колдонууга жарайт (кеңири колдонуу үчүн эмес): Ỳ Ŷ Ÿ Ỹ Ẏ Ỵ ẙ Ỷ Ȳ Ɏ Ƴ ƴ.
"J" тамгасы, "Й"га туура келген сейрек бир белги эмес. Европанын жарымы аны "Й" тыбышы катары тааныйт: Германия, Түндүк Европа жана скандинав өлкөлөрү, латын ариби болгон слав өлкөлөрү (Чехия, Польша..), латынча, албан, венгр, фин, эстон жана эсперанто тилдеринде кездешет.
Мисалдар: Juventus, Johansson, Jan Huss, Reykjavik.
Реестрдагы аты: "йота" жана "джей". "Джота" жана "джей" эмес.
3. C [Ж] тамгасы:
• Ҹ(Ҷ)Ч - ج چ - 𐰳 - ÇC •
Тажик алфавитинде "ҷ" тамгасы "ж" тыбышын белгилейт, "ч" тамгасы "ч" тыбышын белгилейт. Ошентип, "Тоҷик" сөзү "Тожик" деп окулат. "Ҷумҳурии Тоҷикистон" - "Жумхурии Тожикистон".
Азерилердин совет кириллицасында да окшош абал болгон: Ч[ч]- Ҹ[ж]. Ж - жумшак Ж'ни белгилеген болчу.
Бул, түркчөдөгү C[ж]-Ç[ч], мурунку кыргыз латынчадагы жана эмиграцияда жүргөн түркистандыктардын латын арибинде (төмөнкү жадыбалы) Ç[ж]-C[ч], кыргыз (жана орток чагатай) араб арибиндеги ج [ж] - چ [ч] шайкештиктери сыяктуу турат.
Азерилер, түрктөр, тажиктер, тарыхый улантуучулук принцибин сактап алышкан ошентип.
Ошон үчүн, тарыхый учугун үзбөш үчүн, болочоктогу кыргыз латын арибинде J[ж]-Ç[ч] эмес, C[ж]-Ç[ч] болуу зарыл (калганы: Ö[ө], Ü[ү], Ñ[ң], Y[ы], J[й], Ğ[ғ], Q[қ], Ş[ш]).
Айтмакчы, кыргыз тилине жакын тууган болгон хакас, тыва тилдеринде, кыргызчадагы "ж" тыбышы "ч" менен айтылат (жыл-чыл, жылдыз-чылдыс, жол-чол; ). Ошентип, өзү "Ж" тамгасы жок болгон байыркы кыргыз ариби менен жазганыбызда ордуна, "Ч" тыбышын берген " 𐰳 " белгини колдонсок болот. Eleri Bitikci ишмер мырза ошондой кылып жатат өз руна сымал долбоорлорундо.
4. "Sh, Ch, Ng, Zh, Oe, Ue" ж.б. диграфтар:
Бул вариант болбойт. Себеби, латын арибин кабыл алуунун эрежелерден бирөөсү: "бир тыбыш - бир тамга". Айдыңдар, окумуштуулардын кабыл алынган чечими. "Ö, Ü, Ç, Ş, Ñ, Ğ" белгилери, тамга катары - кеңири таанылган символдор болуп көп алфавиттерде кездешет. "Õ, Ô, Ó, Ć, Ń, Ņ, Ù, Ų, Ꞑ, Ŋ" белгилери - же чалпы чөйрөсүндө сейрек колдонулат, же көбүнчө өз алдынча тамганы эмес анын жумшалган, каткалаң абалды жана басымды көрсөтө турган символдор. Айрыкча, лингвистикалык, этимологиялык, транскрипциялык жадыбалдарда тыбыш көрсөткүчү катары колдонулат.
5. Каткалаң "Q[қ] - ق, Ğ[ғ] - غ" жана кошумча диалектилик (Ää - ә, Žž - җ, Ww - в') тамгалар:
а) Тарыхый улантуучулук принсибине (историческая преемственность) таянуу. Мурдагы алфавиттерде бул тамгалар бар болчу: орхон-энесай жазмаларда, арап жана 30-жылдар латын ариптеринде. Эми, бүгүн Кытайдагы боордошторубуз арап арибиндеги каткалаң "қ - ق, ғ - غ" колдонушат. Үчилтик алфавит стратегиясын дагы так аткара алуу үчүн зарыл болгон тамгалар.
б) Заманбап жалпы каптоо зарылдыгы. Кыргыз улутунун колдонууда болгон алфавиттер, Кыргыз Республикасындагы кыргыздарга гана кызмат кыла албайт. Бүгүнкү кыргыздар, заманда жоголгон, Шибердин узак бурчунда жергелешкен, башкалары менен катнаштарды жойгон коом эмес болгондуктан, алфавиттердин, Өлкөдө жайгашкан башка этносторго, жарандарга, жана четте жашаган памирлик, кытайлык, европалык кыргыздарга ийкемдүү, түшүнүктүү, кенен болуунун зарылчылыгы бар.
1. Aa [а] ا
2. Bb [б] ب
3. Cc [ж] ج
4. Çç [ч] چ
5. Dd [д] د
6. Ee [е] ە
7. Ff [ф] ف
8. Gg [г] گ
9. Ğğ [ғ] ع
10. Hh [х] ح
/ɑ/
/b/
/d͡ʒ/
/t͡ʃ/
/d/
/e/
/f/
/ɡ/
/ʁ,ɣ/
/h/
11. Ii [и] ئ
12. Jj [й] ي
13. Kk [к] ك
14. Qq [қ] ق
15. Ll [л] ل
16. Mm [м] م
17. Nn [н] ن
18. Ññ [ң] ڭ
19. Oo [о] و
20. Öö [ө] ۅ
/i/
/j/
/k/
/q/
/l/
/m/
/n/
/ŋ/
/o/
/ø/
21. Pp [п] پ
22. Rr [р] ر
23. Ss [с] س
24. Şş [ш] ش
25. Tt [т] ت
26. Uu [у] ۇ
27. Üü [ү] ۉ
28. Vv [в] ۋ
29. Yy [ы] ی
30. Zz [з] ز
/p/
/r/
/s/
/ʃ/
/t/
/u/
/y,ʏ/
/v/
/ɯ/
/z/
Атайын тамгалар:
Ää [ә] ٵ /æ/
Žž [Җ] ژ /ʒ/
Ww [в'] ۆ /w/
Үлгү-1
Bardyq adamdar öz bedelinde cana uquqtarynda erkin cana teñ uquqtuu bolup caralat. Alardyn añ-sezimi menen abijiri bar cana biri-birine bir tuuğandyq mamile qyluuğa tijiş.
Үлгү-2
Carçysy žurnaly, Žyrinovskij tegattuu çetölkölük carany, Žambyl şaaryndağy Žanibek Bi ajkeli, Brežnev başqarmany, Militsyja-žandarma cañydan tüzülüşü, Ženeva G10 cyjyny, Qyrğyzstan Ensiklopedijasy, Şajloo çordonu.
1930 жана 1940-50 жылдардагы кыргыз латын алфавити:
Латын алфавити, КЫРГЫЗ.ССР'де 1920-жылдардын аягынан баштап 10-15 жылдай колдонулуп сталинчилдер тарабынан жокко чыгарылып, емиграциядагы түркстандыктар аны бир нече өзгөртүүлөр менен 1950-жылдарга чейин колдонушкан.
1930-жылдар курамы:
Aa[а], Bʙ[б], Çç[ж], Cc[ч], Dd[д], Ee[е],
Ff[ф], Gg[г], Ƣƣ[ғ], Hh/Xx[х], Ii[и], Jj[й],
Kk[к], Qq[қ], Ll[л], Mm[м], Nn[н], Ꞑꞑ[ң],
Oo[о], Ɵɵ[ө], Pp[п], Rr[р], Ss[с], Şş[ш],
Tt[т], Uu[у], Yy[ү], Vv[в], Ьь[ы], Zz[з],
Диалектилик тамгалар:
Əə[ә], Ƶƶ[жумшак ж]
1940-жылдардагы Өзгөрүүлөр:
Bʙ > Bb [б]
Ɵɵ > Öö [ɵ]
Yy > Üü [ү]
Ьь > Ĭ ĭ [ы]
1940-50-жылдар курамы:
Aa[а], Bb[б], Çç[ж], Cc[ч], Dd[д], Ee[е],
Ff[ф], Gg[г], Ƣƣ[ғ], Hh/Xx[х], Ii[и], Jj[й],
Kk[к], Qq[қ], Ll[л], Mm[м], Nn[н], Ꞑꞑ/Ṇṇ[ң],
Oo[о], Öö[ө], Pp[п], Rr[р], Ss[с], Şş[ш],
Tt[т], Uu[у], Üü[ү], Vv[в], Ĭĭ[ы], Zz[з],
Диалектилик тамгалар:
Əə[ә], Ƶƶ[жумшак ж]
Ɵткөн жылдарда өмүр сүргөн ушул мурунку кыргыз латын арибин, тарыхый учугун үзбөстөн, кее бир тамгалардын ылайыктоосу менен, колдонуун улантууга сунушталат.
Өзгөрүүлөр:
Çç > Cc [ж]
Cc > Çç [ч]
Ƣƣ > Ğğ [ғ]
Ꞑꞑ/Ṇṇ > Ññ [ң]
Ĭ ĭ > Yy [ы]
Боордош кошуналарда авторитарчылыктан улам, тарыхый улантуучулук принциби сактай алынбай, жаңыдан нөлдөн алфавиттер түзүлгөн.
КОЛДОНУУ МАСЕЛЕЛЕРИ
"Я, Ё, Ю" кирил тамгалардын латын арибиндеги жазылышы:
1) Сөз башында жана үндүүдөн кийинки "я, ю, ё" тамгалары, "ja, ju, jo" деп жазылат.
Мисал: Юра - Jura, оюн - ojun, аюу - ajuu, Аякс - Ajaqs, карыя - qaryja, боёк - bojoq, Юлия - Julija.
2) Үнсүздөрдөн кийинки "я, ю, ё" тамгалар, "ä, ü, ö" деп жазылат.
Мисал: Кёльн - Köln, жюри - žüri, бюро - büro, меню - menü, лямбда - lämbda, Семён - Semön, Пётр - Pötr, Брянск - Bränsk, Нячанг - Näçanğ, Звягинцев - Zväginsev, Ляйсан Утяшева - Läjsan Utäşeva, Финляндия - Finländija, Славян - Slavän, Женя - Ženä, революция - revolüsija.
3) Диалект сөздөрүндөгү "ä,w" тамгалары.
Мурза Гапаров - "Кыштакча"; Сулайман Кайыповдун ооган кыргыздарынын фолклору тууралу эмгектери; Ж.Мукамбаевдин диалект сөздүгү ж.б.
Оштук диалектинен мисал: asäl - bal, gäp - kep, mäkä - cügörü ж.б.
Кирилдеги "жумшак Ж"/ʒ/ тыбышынын латын арибинде "Ž" болуп жазылышы:
Жеке аттарында жана тышкардан кирген кее бир терминдерде.
Мисал: журнал - žurnal, Жарчысы журналы - Carçysy žurnaly, Жириновский - Žyrinovskij, донжуан - donžuan, Брежнев - Brežnev, жандармерия - žandarmerija, Женя - Ženä, жюри - žüri, монтаж - montaž.
Кирилдеги "К, Г" тамгаларынын латын арибиндеги жазылышы:
"а,о,у,ы" үндүүлөр менен "Q, Ğ" деп жазылат. Мисал: карыя - qaryja, кагаз - qağaz, артка - artqa, кымыз - qymyz, кооз - qooz, аргымак - arğymaq, байкалган - bajqalğan.
"ә,е,ө,ү,и" үндүүлөр менен "K, G" деп жазылат. Мисал: көз - köz, биргелешкен - birgeleşken, үзгүлтүк - üzgültük.
Кыргыз латын арибинин кошумча тамгалардын сезимталсыз есепкерде жазуу жолдору.
1. Есепкердин стандарт орус-англис тергичи (клавиатура) мененки жолу.
Англис тилин (US-INT раскладкасын) ачып, төмөндөгү баскычтарды кезеги менен басасыз:
Ö[ө]: AltGr + P
Ü[ү]: AltGr + Y
Ñ[ң]: AltGr + N
Ç[ч]: AltGr + ,
Ä[ә]: AltGr + Q
"AltGr" баскычы - тергичтин оң жактагы "Alt" баскыч. Тергичте оң "Alt" же "AltGr" жок болсо, сол жактагы "Ctrl+Alt" басканда "AltGr"нын функсыйасын аткарган болот.
Тергичтин оң жактагы "Shift"и менен:
Ö: shift + " + O
Ü: shift + " + U
Ñ: shift + ~ + N
Ç: ' + C
Ä: shift + " + A
Орус тергичтеги англис белги баскычтардын орду:
~ белгиси: Ё баскычы
" белгиси: Э баскычы
' белгиси: Э баскычы
, белгиси: Б баскычы
Калган "Ş,Ğ,Ž" тамгаларынын жазылышы:
Тергичтин сол жактагы "Alt"ты басып туруп, тергичтин оң жактагы "сандар бөлмөсүндөгү" сандарды терип "Alt"ты таштайсыз. "Сандар бөлмөсү" жок тергичтерде (көбүнчө ноутбуктар) "Alt+Fn"ди кош басып сандарын тересиз:
Ğ[Ғ]: Alt + 0208 же 0286
ğ[ғ]: Alt + 0240 же 0287
Ş[Ш]: Alt + 0222 же 0350
ş[ш]: Alt + 0254 же 0351
Ž[жумшак Ж]: Alt + 0142 же 0381
ž[жумшак ж]: Alt + 0158 же 0382
2. Түрк (Türkçe-Q) жайылматүрүн (раскладкасын) колдонуу.
Түрк тергичтеги тамгалардын орундалышы англис тергичи менен 90% бирдей болуп, кошумча тамгалардын жана кеебир белги баскычтардын жерлери:
Ğ: Х баскычы
Ü: Ъ баскычы
Ş: Ж баскычы
Ö: Б баскычы
Ç: Ю баскычы
~: Ъ(Ü) - AltGr менен колдонулат
": Х(Ğ) - AltGr менен колдонулат
Ñ: AltGr + ~ + N
Ä: AltGr + " + A
Windows-10'до тергичке түрк тилин кошуу:
"Пуск" >> Параметры >> "Время и язык" >> "Регион и язык" >> "Добавление языка" >> "Türkçe".
3. Сезимтал (сенсордук) аспаптарда андай көйгөй жок.
Каалаган тамганы 1-2 секунд узун басканыңызда бул тамганын түрлөрү чыгып калат. Ичинен керектүүсүн тандайсыз.
Келечектеги кыргыз латын тергичинин (клавиатура) сунушу:
Бөлүшүңүз: